2025-10-30


Филология багытынын студенттери педагогикалык практиканын жыйынтыгын чыгарышты


2025-жылдын 24-октябрь күнү «Орус тили жана адабияты» багытынын 4-курс студенттери педагогикалык практикасынын жыйынтыктарына арналган «Мектептеги бир күн» аттуу семинар өткөрүштү.
30 күнгө созулган практика №95 орто мектебинде жана «Маариф» билим берүү борборунда өттү. Студенттер сабактарды өткөрүшүп, окуу материалдарын даярдашып жана окуучулар менен сабактан тышкаркы иштерге катышышты. Семинар жылуу жана чыгармачыл маанайда өттү. Студенттер өздөрүнүн алгачкы педагогикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, бул кичүү курстун студенттеринин  кызыгуусун жаратты.