2025-04-07
Университетибиздин башкаруу кеңешинин 30.01.2025-жылдагы жана 2025.01.03 сандагы чечими менен бекитилген КТМУ 2025 социалдык жоопкерчилик иш-чараларына кирген “Өзүңө ишен, сен ийгиликке жете аласың” аттуу долбоор Бабатаев Абдирашиттин жетекчилигинде жана философия бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери менен биргеликте 04.04.2025-жылы Бишкек шаарындагы «Надежда/Үмүт» реабилитациялык мекемесинде ишке ашырылды. Философия бөлүмүнүн студенттери реабилитациялык борбордо жашаган балдардын көнүлдөрүн көтөрүшүп, өздөрү алып барган белектерин берип аларды кубантып келишти.