2025-04-18
Философия бөлүмүнүн семинарларынын алкагында 2025-жылдын 17-апрелинде доц. PhD Барыш Мутлу “Манас” эпосунун философиясы жана изгиликтер: изгилик этикасына негизделген окуу” аттуу темада баяндама жасады. Мугалимибиз дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпостордун бири болгон «Манас» эпосун «изгилик этикасынын», өзгөчө Аристотелдин изгилик этикасынын негизинде түшүнүүнүн аны философиялык жактан чечмелөөгө шарт түзөрүн белгиледи. Мутлу эпостогу эрдик, адилеттик, жоомарттык, акылмандык, айкөлдүк, берилгендик, бакыт сыяктуу асыл сапаттар менен индивиддик жана коомдук мамилелерди талкууга алды. Сунумунда Манастын эр жүрөк, адилеттүү, кең пейил, ишенимдүү жетекчи катары үй-бүлөсүнө, элине жана жоокерлерине жоопкерчиликтүү экендигин, душмандарына каршы асыл мүнөзүнөн жазбагандыгын, элин коргоодо адилеттүүлүк үчүн күрөшкөнүн баса белгиледи. Бул сунумда Мутлу айрым үзүндүлөрдү кылдаттык менен анализдеп, негиздегенге аракеттенди.