2025-04-21
2025-жылдын 18-апрелинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Түркия мамлекеттеринин студенттеринин катышуусунда «Жаңы ысымдар» 10. Эл аралык студенттик театр фестивалынын конкурсу ийгиликтүү жыйынтыкталды. Фестиваль чыгармачылыкка кызыккан жаштардын талантын колдоо жана маданий байланыштарды чыңдоо максатында уюштурулду.
Бул конкурска Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультеттин философия бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Диана Жумабекова «Тишина выбирает (Үнсүздүк тандайт)» жана Самара Кадыркулова «Лицо без маски (Беткапсыз жүз)» аттуу пьесалары менен катышып, өзгөчө чыгармачылык мамилеси үчүн ыйгарым укуктуу калыстар тобу тарабынан «Драматургия» номинациясында сыйлыкка ээ болушту. Студенттерибиздин эмгектери кыргыз драматургиясына жаңы дем, жаңы көз караш тартуулаган чыгарма катары жогору бааланды.
Жеңүүчүлөрдү чын дилибизден куттуктап, келечекте жогорку чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!