2025-04-24
2025-жылдын 23-апрелинде И. Арабаев атындагы КМУда “Билим берүүдөгү философиянын дүйнө караштый жана методологиялык функциялары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга биздин бөлүмдүн мугалимдеринен ф.и.д., проф. Жамгырбек Бөкөшов, доц. PhD Барыш Мутлу, доц.м.а. PhD Кишимжан Эшенкулова, PhD Абдирашит Бабатаев, 4-курстун студенттеринен Жамийла Болотбекова, Бегайым Сулайманова, Зарина Шайбекова жана Диана Жумабекова катышышты. Конференцияда дүйнөдө жана Кыргызстанда билим берүү мекемелеринде философиянын мааниси жана орду, азыркы санариптик дүйнөдө кандай философиялык билимдин берилиши, билим берүү тармагында кандай философиялык ыкмалардын колдонулушу керектиги сыяктуу маселелер талкууга алынды. Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Бразилия өлкөлөрнөн илимпоздор жана Дүйнөлүк Философия Форумунун өкүлдөрү катышышты.
Жамгырбек Бокошов «Келечекти изилдөөнүн философиялык-методологиялык негиздери», доц.м.а. PhD Кишимжан Эшенкулова «Заманбап философиядагы адам маселеси жана робот-гуманоид», Жамийла Болотбекова «Профессионалдык билим берүүдөгү философиянын методологиялык функциялары», Бегайым Сулайманова «Санариптик доордо билим берүүнүн философиясы: мүмкүнчүлүктөр жана тобокелчиликтер», Зарина Шайбекова «Студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн калыптандыруунун куралы катары философия», Диана Жумабекова «Философия жана студенттин инсандык өнүгүүсү: өзүн-өзү аңдоого жана эмпатияга тарбиялоо» аттуу темаларда сунум жасашты. Студенттердин көзү менен философиянын билим берүүдөгү жана азыркы адамзаттын өнүгүүсүндөгү орду жана мааниси конференциянын катышуучуларынын көңүлүн бурду.