2025-04-30
Бөлүмдүн окутуучуларынан доц.м.а. PhD Кишимжан Эшенкулова 2024-жылдын август-сентябрын айларында Баалуулуктарды жана Философияны Изилдөө Кеңеши (Council for Research in Values and Philosophy-RVP) тарабынан жыл сайын уюштурулган Дисциплиналар жана маданияттар аралык семинарлар сериясынын алкагында “Модерндүүлүкпү же көп модерндүүлүкпү? Универсалдуулук менен жекелик ортосундагы чыңалуу» аттуу семинарга аралыктан катышты. Бул семинардын экинчи этабы 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын апрелине чейин уланды. 2025-жылдын 26-апрелинде Эшенкулова “Модерндүүлүктү аӊдоо: Интеллектуалдык төӊкөрүштүн чегинен тышкары” аттуу темада баяндама жасады. Семинарга 10 өлкөдөн 14 илимпоз катышты.