2025-04-30


Жаратылышка саякат


2025-жылдын 27-апрелинде философия бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери Чункурчак жайлоосуна барып, жаратылыш койнунда эс алып кайтышты. Иш-чаранын максаты — студенттердин руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, ошондой эле бөлүм ичиндеги достук мамилелерди чыңдоо болгон. Эс алуу учурунда ар кандай кызыктуу оюндар уюштурулуп, маданий жана философиялык баарлашуулар өттү. Бөлүмдүн жалпы жамааты таза абада дем алып, жакшы маанай менен кайтышты.