2026-05-12


Мураке айылындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн балдар үйүнө зыярат


 

2026-жылдын 24-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин Философия бөлүмүнүн студенттери жана док. А. Бабатаев Мураке айылындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн балдар үйүнө зыярат кылышты.

Зыяратка Философия бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери катышып, балдар менен жолугушуп, алардын чыгармачылыкка жана кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусуна күбө болуп кайтышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгенине карабастан, балдардын эмгекчилдиги, аракетчилдиги жана өз колдору менен жасаган буюмдары катышуучуларга терең таасир калтырды.

Мындай иш-чаралар, эң оболу, адамгерчилик сезимин ойготуп, боорукерликке, түшүнүүгө жана коомдук жоопкерчиликке үндөйт. Ошондой эле бул сыяктуу зыяраттар студенттердин руханий дүйнөсүн байытып, айлана-чөйрөгө кайдыгер карабоого тарбиялайт.