2026-04-24


ЖАШТАР ЖАНА СПОРТ: СЕРГЕК ЖАШОО ЖАНА СОЦИАЛДЫК ТИЛЕКТЕШТИК


 

Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында 2026-жылдын 18-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетиндеги Социология бөлүмүнүн жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетинин Социалдык-психологиялык факультетиндеги Социология жана саясий-укуктук дисциплиналар кафедрасынын студенттеринин арасында Дем теннис клубунда стол тенниси турнири өттү. 
Дем теннис клубунун негиздөөчүсү Дуулат Канат уулу КТМУнун Социология бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. Дуулат Канат уулу бөлүмдүн өнөктөшү катары дайыма кызматташып келет.   
Турнирдин максаты: 
1. Улуттук идеологияны жана “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун баалуулуктарын жайылтуу - иш-чара аркылуу жаштар арасында патриоттук аң-сезимди, биримдикти жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөө 
2. Студенттер аралык социалдык байланыштарды чыңдоо – ар түрдүү университеттердин студенттеринин ортосунда коммуникацияны, таанышууну жана кызматташууну өнүктүрүү. 
3. Жаштарды сергек жашоо образына жана спортко тартуу - стол тенниси аркылуу студенттердин физикалык активдүүлүгүн жогорулатуу жана ден соолук маданиятын калыптандыруу болуп саналат. 
Турнирдин жыйынтыгында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетиндеги Социология бөлүмүнүн балдары I орунга, кыздары II орунга ээ болушту.