2026-06-27
КТМУнун Социология бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттеринин маданий капиталды жаратуу иш-чарасы
19/05/2026
SOS Children’s Villages Kyrgyzstan балдар үйү
2026-жылдын 19-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетиндеги Социология бөлүмү тарабынан коомдук жоопкерчилик жана агартуу багытындагы иш-чара уюштурулду. Аталган демилгенин алкагында Социология бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери Нургуль Сулейманова студенттер менен биргеликте балдардын билим алуусун жана китеп окууга болгон кызыгуусун колдоого багытталган кайрымдуулук акциясын өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн жеке китепканаларынан балдар адабиятына тиешелүү китептерди чогултушту, ошондой эле университеттин каржылык колдоосу менен дүйнөлүк балдар адабиятынын заманбап кыргыз тилиндеги чыгармалары белекке берилди. Жыйналган китептер Бишкек шаарындагы SOS Children’s Villages Kyrgyzstan балдар үйүнө тапшырылып, мекеменин китепканасы жаңы адабий булактар менен толукталды.
Бул иш-чара жаш муундардын билимге жана китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга, кыргыз тилиндеги балдар адабиятынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана студенттердин коомдук жоопкерчилик маданиятын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү демилгелердин бири болуп саналат. Социология бөлүмү мындан ары да коомдук өнүгүүгө жана социалдык колдоого багытталган иш-чараларды улантууну максат кылат.
.jpeg)

.jpeg)