2025-04-28


АГА ОКУТУУЧУ Ф.И.К. КАЛИЯ КУЛАЛИЕВА ТАРАБЫНАН ««МАНАС» ЭПОСУНУН ВАРИАНТТАРЫНЫН ИЗИЛДЕНИШИ» АТТУУ СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ


2025-жылдын 24-апрелинде Кыргызча-түркчө программасынын ага окутуучусу ф.и.к. Калия Кулалиева тарабынан ««Манас» эпосунун варианттарынын изилдениши» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда “Манас” эпосун изилдөө этаптары, эпостун изилдениши боюнча негизги эмгектер жана Нарын мектебинин манасчылары тууралуу кеңири маалымат берилип, эпос боюнча жаңы түзүлүп жаткан интеллектуалдык карталар көрсөтүлдү.