2025-04-29


УЛУТТУК АДАБИЯТ ДООРУНДА ТИЛДИН ЖӨНӨКӨЙЛӨШҮҮ ПРОЦЕССИ БОЮНЧА СЕМИНАР


28.05.2025-ж. Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин Синхрондук котормо бөлүмү тарабынан "Улуттук адабият доорунда тилдин жөнөкөйлөшүү процесси" темасында семинар уюштурулду. Семинарда аталган бөлүмдүн ага окутуучусу PhD Сердар Дагыстан баяндама жасады. Иш-чарага бөлүмдүн окутуучулары жана студенттери катышып, Осмон түрк тили жана тил маселеси, Танзимат жана Сервет-и Фүнүн мезгилдериндеги тил түшүнүгү, «Жаш калемдер» кыймылынын алкагында "Жаңы тил" кыймылы жана тилдин жөнөкөйлөшүүсү менен улуттук идеянын байланышы сыяктуу темалар колго алынды.

Ошондой эле, семинарда Өмер Сейфеттиндин элдик тил түшүнүгү жана Зия Гөкалптын тил философиясынын негизинде тилдин жөнөкөйлөшүүсүнүн улуттук иденттүүлүктү калыптандырууда ойногон ролу баса белгиленди. Катышуучулар «Улуттук адабият» кыймылын бир гана адабий өңүттөн эмес, маданий өзгөрүү процесси катары да таанып билүү мүмкүнчүлүгүн алышты.