2026-04-23


"Фергана хандарынын тарыхы" кол жазмасы аттуу семинар болуп өттү


2026-жылдын 22-апрель күнү саат 15:00до İİBF-228 чогулуш залында "Фергана хандарынын тарыхы кол жазмасы" аттуу семинар болуп өттү. Семинарда Түркология бөлүмүнүн доц.м.а. PhD Мирзат Ракымбек уулу "Фергана хандарынын тарыхы кол жазмасынын жазуу өзгөчөлүгү", доц.м.а. PhD Негизбек Шабданалиев "Фергана хандарынын тарыхы" жана кенже илимий кызматкери PhD Зарина Жалбиева "Зиябидин Магзуни жана Фергана хандарынын тарыхы" аттуу докладдарын сунушту. 

 Катышуучулардын чоң кызыгуусун жараткан презентациялардан кийин суроо-жооп бөлүгү орун алып, андан кийин семинар сүрөткө түшүү менен аяктады.