2025-12-15
Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрь күнү, факультетибиздин Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери, куратору Назгүл Аданбаева менен Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев тарабынан жүргүзүлгөн “КЫРГЫЗ ТААНУУ” окуу курсунун алкагындагы “УҢГУЖОЛДОГУ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ОРДУ” аталыштагы сабагына катышып келишти. Сабакта, уңгужолдун максаты, уңгужолдун багыттары, андагы кыргыз тилинин орду жана жалпы эле тилдердин дүйнөдөгү абалы жана тарыхы кызыктуу форматта тартууланды.
