2025-12-19


Математика бөлүмүнүн студенттеринин практикалары жыйынтыкталды.


Математика бөлүмүнүн студенттери окуу-тарбия процессинин алкагында ар түрдүү мектептерде өтүшкөн практика иштери жыйынтыкталып, бөлүмүбүздүн префессордук-окутуучулук курамы менен бөлүшүштү. Презентацияда студенттер практикадан өткөн мектептери тууралуу, жүргүзгөн иш-аракеттери, сабак учурундагы байкоолору жана алган кесиптик тажрыйбалары тууралуу маалымат беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер теориялык математика билимдерин билим берүү чөйрөсүндө кантип колдонушканын, окутуу процесстерине кандай салым кошконун жана практиканын алардын кесиптик өнүгүүсүнө тийгизген таасирин мисалдар менен түшүндүрүштү. Баяндамалардан кийин окутуучулардын баалоо жана пикир-сунуштары менен жемиштүү академиялык талкуу чөйрөсү түзүлдү.
Бул баяндамалар студенттердин мугалимдик кесипке болгон аң-сезимин арттырууда жана практикалык тажрыйбаларын академиялык көз караш менен баалоодо маанилүү иш-чара катары бааланды. Семестр ичиндеги практикаларын ийгиликтүү аяктаган бардык студенттерди куттуктайбыз жана салым кошкон окутуучуларга ыраазычылык билдиребиз.