2026-04-15


К. Тилебалиева атындагы жетим балдардын атайын жатак мектебине баруу


10- апрель күнү биз Панфилов районундагы К.Тилебалиева атындагы жетим балдар үчүн адистештирилген жатак-мектебине барып келдик .Сапардын негизги максаты — балдардын кабар алуу, моралдык жактан колдоо көрсөтүү жана атайын даярдалган  жана алынган китеп, топ, шахмат ж.б.у.с.  чакан белектерди тапшырып келүү болду.
Окуучулар үчүн логикалык оюндар жана топтук таймаштар уюштурулду.
Интернаттын жетекчилиги жана мугалимдери тарабынан жылуу кабыл алуу болду, алар балдардын социалдашуусу үчүн мындай жолугушуулар өтө маанилүү экенин баса белгилешти.
Биздин топ үчүн бул сапар чоң тажрыйба болду, балдар менен тил табышуу көндүмдөрүбүздү арттыра алдык.