факультетибиздин математика бөлүмүнүн окутуучулары жана 3-курстун студенттери Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институтуна иш сапары менен барып, университетибизди таанытуу жана математиканын музыка дүйнөсүндөгү орду темасында семинар өткөрүштү. Семинарга институттун директору, бөлүм башчылары жана окутуучулар жамааты катышып, конокторду жылуу маанайда тосуп алышты. Студенттер тарабынан даярдалган баяндамалар оюндар жана музыкалык чыгармалар менен коштолуп, жогорку деңгээлде жана кызыктуу өттү.
