КТМУда Гуманитардык факультетинин китеп таанытуу иш-чарасы өттү


  • 2026-05-02

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өткөн «Гуманитардык факультетинин китеп таанытуу күнү» иш-чарасы академиялык эмгектерди кеңири коомчулукка тааныткан, автор менен окурманды бир аянтчада бириктирген маанилүү маданий-илимий иш-чарага айланды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультети тарабынан ТҮРКСОЙ менен биргеликте уюштурулган бул иш-чара студенттерди жана окутуучуларды бириктирип, университет алкагында Түркстан аймагы үчүн маанилүү болгон илимий жана маданий жолугушууга өбөлгө түздү. Аталган иш-чаранын алкагында университетте даярдалган илимий изилдөөлөр кеңири аудиторияга тааныштырылды.

Гуманитардык факультетинин фойесинде уюштурулган китеп көргөзмөсүндө университеттин окутуучулары тарабынан жазылган жана университеттин Басма бөлүмү тарабынан басылган китептер жана илимий журналдар окурмандарга сунушталды. Китеп таанытуу күнү алкагында Түркстандын көрүнүктүү агартуучуларынын бири Мустафа Чокайдын адабий дүйнөсүн чагылдырган «Советтер Союзунун түрк дүйнөсүнө карата саясаты» аттуу француз тилиндеги тандалма макалаларын түрк тилине которгон профессор Абдулвахап Каранын эмгеги чоң кызыгуу жаратты.

Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Казакстандын элчилигинин өкүлү Гүлмира Турсунали, ТҮРКСОЙдун башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф, китеп авторлору, окутуучулар жана студенттер катышты.

Ректор Жейлан: «Китеп - түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана билим күчүн чагылдырган эң стратегиялык баалуулук»

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университетинин илимий потенциалын жогорулатуу жана китепканасын байытуу багытындагы туруктуу аракеттерине токтолуп, университеттин Басма бөлүмү эл аралык деңгээлде таанылган маанилүү академиялык борборго айланганын белгиледи. Ал китепканага китеп белек кылуу кампаниясына өзгөчө маани берилип жатканын айтып, ар бир окутуучунун кеминде 20 китептен белек кылуусу чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Өзү да бул демилгеге үлгү болуп, 5 миң китебин университеттин китепканасына тапшырганын айтты. Ректор Жейлан ошондой эле университеттин санариптик маалымат базалары менен кошо жеткиликтүү болгон ресурстарынын саны 2 миллионго жеткенин белгилеп, маалыматка жетүүнүн басма жана санарип булактар аркылуу камсыздалып жатканын билдирди.

Ал Казакстандын көрүнүктүү ойчулу Мустафа Чокай тууралуу макалалардын кыргыз тилинде жыйнак болуп чыгышы жалпы интеллектуалдык мурастын сакталуусу жана келечек муундарга жеткирилиши үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле акын Мехмет Акиф Эрсойдун «Сафахат» чыгармасынын кыргыз тилине которулушу түрк дүйнөсүндөгү маданий байланыштарды чыңдоодо чоң кадам экенин айтып, “Манас” университети бул багытта «алтын көпүрө» милдетин аткарып жатканын кошумчалады. Профессор Жейлан китеп окуган жана жазган жаштар келечекте өлкөнү башкара турган кадрлар болоруна ишенимин билдирип, китепти университеттин академиялык күчүн жана түрк дүйнөсүнүн биримдигин чагылдырган эң маанилүү стратегиялык баалуулук катары мүнөздөдү.

Турсунали: «Мустафа Чокай — түрк дүйнөсүнүн көз-карандысыздыгы жана эркиндиги үчүн күрөшүнүн символу»

Казакстандын элчилигинин өкүлү Гүлмира Турсунали Мустафа Чокайдын түрк дүйнөсүндөгү өзгөчө ордуна токтолуп, аны элинин эркиндигин баарынан жогору койгон, демократиялык мамлекеттер менен тең болууга умтулган жана коомунун өнүгүшү үчүн күрөшкөн улуу инсан катары баалады. Ал Чокайдын өмүрүн түрк дүйнөсүнүн эркиндигине арнаганын белгилеп, анын жөн гана ойчул эмес, идеялары үчүн күрөшүп келгендигине токтолду. Ошондой эле Турсунали анын эмгектеринин кыргыз тилине которулуп, илимий коомчулукка сунушталышы маанилүү кадам экенин белгилеп, “Манас” университетине жана ректор, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.

«Түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын келечек муундарга жеткирүүгө даярбыз»

ТҮРКСОЙдун башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф түрк дүйнөсүнө тиешелүү адабий жана маданий чыгармаларды таанытуу жана келечек муундарга жеткирүү иштерин улантып жатышканын айтты. Ал мындай иш-чаралар жалпы маданий мурастын сакталышына жана кеңири жайылышына чоң салым кошорун белгилеп, КТМУнун бул багыттагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. «Болжол менен 30 жылдан бери КТМУ менен жүргүзүп келе жаткан кызматташуубуз түрк дүйнөсүндө орток тил, маданият жана тарыхый аң-сезимдин бекемделишине олуттуу салым кошуп келди. “Манас” университети жогорку окуу жайы болуу менен катар түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхын сактаган, маданий мурасты академиялык эмгектер аркылуу колдогон стратегиялык борбор болуп саналат. ТҮРКСОЙ катары жүргүзүп жаткан көптөгөн маданий жана илимий иш-чараларыбызда КТМУнун салымын жана колдоосун ар дайым сезип келебиз», - деп билдирди.

«Китептер - маданияттар ортосундагы күчтүү көпүрө»

Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык 2025-жылдан тарта факультетте 14 китеп бөлүмү жарык көргөнүн айтып, алардын кыргыз, англис жана түрк тилдеринде жарыяланышы факультеттин эл аралык илимий мүмкүнчүлүгүн көрсөтөрүн белгиледи. Ал санарип доорунда китептер кээде артка жылып калгандай көрүнгөнү менен, алар дагы эле эң ишенимдүү жана туруктуу билим булагы экенин баса белгиледи. Профессор Ашык бул маанилүү иш-чара аркылуу академиялык ишмердүүлүктү көрүнүктүү кылып, баалуу эмгектерди окурмандар менен жолугуштуруудан чоң кубанычта экенин белгилеп, китептер жөн гана маалымат ташуучу каражаттар эмес, ошондой эле маданияттар ортосунда көпүрө түзгөн күчтүү мурас экенин кошумчалады.

Мустафа Чокайдын мурасы КТМУда тааныштырылды

Китеп таанытуу күнү алкагында өткөрүлгөн «Авторлор менен маек» бөлүгүндө ТҮРКСОЙдун колдоосу менен маанилүү бир эмгек катышуучуларга сунушталды. Казак саясатчысы, агартуучу жана ойчул Мустафа Чокайдын француз тилинде жазылган тандалма макалалары «Советтер Союзунун түрк дүйнөсүнө карата саясаты» деген аталыштагы эмгеги профессор Абдулвахап Кара тарабынан түрк тилине которулуп, ал өз эмгегин катышуучуларга тааныштырды. Аталган эмгек Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмүнүн окутуучусу, доц.м.а. Зухра Алтымышованын редакторлугунда, ТҮРКСОЙ Башкы катчылыгынын кеңешчиси жана КТМУнун Гуманитардык факультетинин Түркология бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Сабырбек Бөрүбаев тарабынан кыргыз тилине которулган.

Профессор Кара маегинде эмгектин даярдалуу процессине жана анын илимий баалуулугуна токтолуп, Мустафа Чокай Советтер Союзунун түрк дүйнөсүнө карата саясатын тарыхый жана сынчыл көз караш менен талдап бергенин белгиледи. Маекте Мустафа Чокайдын өмүр жолу, саясий күрөшү, ой жүгүртүүсү жана анын макалаларында чагылдырылган идеялары кеңири каралды. Катышуучулар Чокайдын түрк дүйнөсүнүн көз карандысыздыгы, улуттук иденттүүлүк жана эркиндикке умтулуусу тууралуу көз караштары менен жакындан таанышып, бул ойлордун бүгүнкү күнгө чейинки таасирин баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Китеп таанытуу күнүндө авторлор өз эмгектерин тааныштырышты

Профессор Лайли Үкүбаева Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Эгемендүүлүк доорундагы кыргыз, казак, өзбек, түркмөн жана азербайжан адабияттарынын тарыхы» аттуу долбоор тууралуу маалымат берди. Ал аталган эмгекте түрк дүйнөсү адабияттарынын эгемендүүлүк мезгилиндеги өзгөрүүлөрү кеңири жана комплекстүү көз караш менен каралганын белгиледи. Ал эгемендүүлүк доорунун адабий чыгармачылыкка тийгизген таасири көп тараптуу талданганын айтып, эмгекте поэзия, проза, роман, балдар адабияты жана адабият таануу тармактарындагы чыгармалар терең изилденгенин кошумчалады. Профессор Үкүбаева бул эмгек түрк дүйнөсү адабияттарынын жалпы мурасын, эстетикалык изденүүлөрүн жана эгемендүүлүк доорунда калыптанган жаңы адабий багыттарды түшүнүү үчүн маанилүү булак экенин белгиледи.

Жылдызбек Турсунбаев жана Алтынбек Исмаилов акын Мехмет Акиф Эрсойдун “Сафахат” аттуу поэзия жыйнагынан тандалган чыгармаларды кыргызчага которулган эмгектери менен тааныштырышты. Изилдөөчүлөр бул чыгарма түрк адабиятынын маанилүү классиктеринин бири болуп саналганын белгилеп, анын түрк ой жүгүртүүсү жана адабият тарыхындагы өзгөчө ордун академиялык көз караш менен баалаганын билдиришти. Ошондой эле котормо процессинде чыгарманынын рухун жана эстетикалык тереңдигин кыргыз окурмандарына мүмкүн болушунча так жеткирүүнү максат кылышканын айтышты. Иш-чаранын алкагында Жылдызбек Турсунбаев Мехмет Акиф Эрсойдун ырларынан тандалган бөлүктөрдү көркөм окуп берип, программага өзгөчө атмосфера тартуулады.

    Социалдык медиада бөлүшүү