Программага кабыл алынган бардык студенттерден арыз формасында көрсөтүлгөн электрондук почта даректерин үзгүлтүксүз текшерип туулары өтүнүлөт. Анткени кабыл алуу каттары, сабак тандоо, академиялык календарь, тосуп алуу программасы сыяктуу бардык расмий маалыматтар жана документтер ушул электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
Программага кабыл алынган студенттер окуу протоколдорун даярдоо үчүн тиешелүү бөлүм координаторлору менен байланышууга тийиш. Бөлүм координаторлорунун тизмесине төмөнкү шилтеме аркылуу жетүүгө болот:
Жол чыгымдарын өздөрү төлөп, программага катышууну каалаган студенттер 2026-жылдын 1-июлуна чейин orhun@manas.edu.kg электрондук дарегине билдирүү жөнөтүшү керек.
Программага катышуудан баш тартууну каалаган студенттер жана академиялык кызматкерлер баш тартуу арызын толтуруп, кол коюп, PDF форматында 2026-жылдын 5-июнуна чейин orhun@manas.edu.kg электрондук дарегине жөнөтүшү керек.
orhun-personel-feragat-dilekcesi.docx
orhun-ogrenci-feragat-dilekcesi.docx
Эскертүү: Программага арыз берип, бирок жыйынтык тизмесинде аты-жөнү көрсөтүлбөгөн студенттердин арыздары кабыл алынган эмес.