КТМУда «Түрк дүйнөсүндөгү археологиялык казуулар, изилдөөлөр жана археометрия» симпозиуму башталды


  • 2026-10-15

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде бүгүн башталган «Түрк дүйнөсүндөгү археологиялык казуулар, изилдөөлөр жана археометрия»  симпозиуму 15–16-октябрь күндөрү өтөт. Түрк дүйнөсүнүн археологиялык мурасы боюнча учурдагы изилдөөлөрдү бириктирген симпозиумда ачылыштагы атайын жыйын менен 16 отурумда 83 баяндама сунушталат.

КТМУ, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле Түрк археология жана маданий мурас институтунун кызматташуусунда уюштурулган симпозиумдун ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы студенттер шаарчасынын гуманитардык факультетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өттү. 

8 өлкөдөн келген 83 изилдөөчүнү КТМУда бириктирген симпозиум, түрк дүйнөсүнүн археологиялык мурасына байланыштуу жаңы табылгалар менен изилдөө тажрыйбаларын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Иш-чаранын жүрүшүндө казуу жана жер үстүндөгү археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары менен катар маданий мурастарды коргоо, реставрация, музей иши жана археометрия багытындагы изилдөөлөр талкууланат. Анадолу, Борбордук Азия жана Кавказ баш болгон ар түрдүү аймактардагы изилдөөлөрдү биргелешип кароого шарт түзгөн симпозиумдун негизги максаты — изилдөөчүлөр арасында маалымат алмашууну кеңейтүү жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Аскаралы Мадаминов: Маданий мурастарды коргоодо илимий маалыматтар багыт көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов археологиялык жайларды жана тарыхый эстеликтерди коргоодо илимий изилдөөлөрдүн багыт берүүчү мааниге ээ экенин белгиледи. Ал казуу, документтештирүү жана иликтөө иштеринин натыйжасында алынган маалыматтарды маданий мурастарды коргоого багытталган иш-чаралар менен бирге кароонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Университеттердин, музейлердин жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин ортосундагы кызматташтык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын иш жүзүндө колдонууга шарт түзөрүн айткан Мадаминов симпозиум, ар кайсы өлкөлөр ортосунда тажрыйба бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Ошондой эле маданий мурастарды келечек муундарга өткөрүп берүүдө илимий изилдөөлөр менен коомдук аң-сезим бири-бирин толуктоосу  зарыл экенин баса белгиледи.

Ректор Жейлан: Жалпы тарых илимий маалыматтардын негизинде өнүгүшү керек

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхын жана маданий мурастарын илимий ыкмалар менен изилдөөнүн, алынган маалыматтарды бөлүшүүнүн жана келечек муундарга өткөрүп берүүнүн маанисин баса белгиледи. Монголиядан Анатолияга чейинки аймактан келген окумуштууларды «Манас» университетинде тосуп алганына  кубанычта экенин билдирген Жейлан симпозиумга салым кошкон мекемелерге, уюштуруучу топко  жана илимий комитеттерге, ошондой эле изилдөөчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Тарых коомдордун эс тутумун жана өздүгүн калыптандыруу жараянын түшүнүүдөгү негизги булак экенин белгилеген ректор, археология бул тарыхый эс тутумду материалдык табылгалар аркылуу изилдөөгө мүмкүнчүлүк берерин айтты. Түркстандан Анатолияга, Кавказдан Балканга чейинки аймактардагы байыркы конуштар, көрүстөн дөбөлөрү, аска бетиндеги сүрөттөр, жазма эстеликтер жана архитектуралык калдыктар экономикалык байланыштар, ишенимдер, өндүрүш ыкмалары жана маданий өз ара таасирлер жөнүндө илимий маалыматтарды берерин белгиледи.

Археологиялык табылгаларды кылдат документтештирүү, сынчыл көз караш менен чечмелөө жана эл аралык илимий стандарттарды сактоо зарылдыгына токтолгон Жейлан: «Илимий ишенимдүүлүк — маданий мурастарыбызга болгон урмат-сыйыбыздын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири», — деди.

Талаа изилдөөлөрүнүн тажрыйбасы жаңы муунга өткөрүлүүдө

Ректор Жейлан өзүнүн талаа изилдөөлөрүнө да токтолуп, 1990-жылдардан тартып чоң изилдөөчүлөр тобу менен Монголиядан Анатолияга чейинки аймактарда археологиялык казууларды жана жер үстүндөгү изилдөөлөрдү жүргүзүп келишкенин айтып берди.

Бул иштердин топтолгон илимий жыйынтыктарынын негизинде «Анатолиядагы алгачкы түрк издери» аттуу илимий эмгеги иштелип чыкканын белгилеген Жейлан, изилдөөлөрдүн жаш окумуштуулар тарабынан улантылып, өнүктүрүлүшүн түрк дүйнөсүнүн археологиясы үчүн маанилүү деп эсептей турганын билдирди.

Профессор Жейлан, ошондой эле, ар түрдүү түрк республикаларында иштеген изилдөөчүлөрдүн өз аймактарынын тарыхына байланыштуу топтогон илимий маалыматтарын биргелешкен изилдөөлөр менен айкалыштыруу зарылдыгын белгиледи. Ал симпозиумду көп жылдан бери көздөп келген академиялык жолугушуунун ишке ашышы катары белгилеп айтты.

Илимий жолугушууларды биргелешкен долбоорлорго жана басылмаларга айландыруу максат кылынууда

Симпозиумдун негизги максаттарынын бири археологиялык казууларды, археологиялык талдоолорду жана археометриялык анализдерди бирдиктүү илимий чөйрөгө бириктирүү экенин белгилеген профессор Алпаслан Жейлан ар кайсы өлкөлөрдөн жана илимий тармактардан келген изилдөөчүлөрдүн ортосунда туруктуу кызматташтык байланыштарын түзүү маанилүү экенин айтты.

Ал илимий маалыматтарды өндүрүү менен гана чектелбестен, аларды бөлүшүү, изилдөө ыкмаларын салыштыруу жана биргелешкен изилдөө суроолорун иштеп чыгуу зарылдыгына көңүл бурду. Түзүлө турган академиялык байланыштар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, лабораториялык жана талаа изилдөөлөрүндө тажрыйба алмашууга, ошондой эле илимий басылмалардын эл аралык деңгээлдеги көрүнүктүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Маданий мурастар менен бирге келечек муундардын изилдөө укугу да корголушу керек

Ректор Жейлан маданий мурастарды коргоо эстеликтердин өзүн гана эмес, алар камтыган маалыматтарды жана тарыхый контекстти да сактоону талап кыларын белгиледи. Ал окумуштуулар менен тиешелүү мекемелер келечек муундардын бул мурастарды изилдөө укугу алдында жоопкерчилик аларын баса белгиледи.

Жаш изилдөөчүлөрдүн жаңы суроолорду бере алган, калыптанып калган көз караштарды илимий ыкмалар менен текшере билген жана ар түрдүү илимий тармактардын ортосунда байланыш түзө алган окумуштуулар болуп калыптанышынын маанисине токтолгон Жейлан магистранттардын, докторанттардын жана жаш академиктердин тажрыйбалуу изилдөөчүлөр менен жолугушуусу бул жараянга олуттуу салым кошорун айтты.

Симпозиумдун алкагындагы илимий талкуулар жаңы изилдөө долбоорлоруна, биргелешкен басылмаларга жана эл аралык академиялык тармактардын түзүлүшүнө жол ачарына ишеним билдирген Жейлан «Манас» эпосундагы «Бөлүнгөндү бөрү жейт» деген накыл сөздү эске салды. «Түрк дүйнөсүнүн биримдиги — жалпы өткөн тарыхтын эскерүүсү гана эмес, жалпы келечектин алдындагы жоопкерчилик. Мына, бүгүн биз бул жерде биригүүнүн, бир улут болуунун жана жалпы илимий максаттарды көздөй бирге кадам таштоонун кубанычын жана сыймыгын сезип жатабыз», — деди ректор.

Илимий жолугушуулар туруктуу изилдөө кызматташтыгына айланышы керек

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн археологиялык мурастарын изилдеген окумуштууларды «Манас» университетинде тосуп алып жатканына кубанычта экенин билдирди. Кеңири аймакты камтыган тарыхый мурастарды түшүнүүдө археологиялык казуулардын жана жер үстүндөгү изилдөөлөрдүн, дисциплиналар аралык иликтөөлөрдүн жана салыштырма изилдөөлөрдүн маанилүү экенин белгиледи.

Археологиялык табылгаларды тарых, искусство тарыхы жана табигый илимдер сунуштаган ыкмалар менен биргеликте талдоо, өткөн доорлор тууралуу маалыматтарды тереңдетерин айткан Жейлан, бул жараянда университеттер изилдөө, билим берүү жана маданий мурастарды коргоо багыттарынын ортосундагы байланышты чыңдашы керектигин баса белгиледи.

Симпозиумдун жүрүшүндө түзүлө турган академиялык байланыштардын биргелешкен талаа изилдөөлөрүнө, илимий басылмаларга жана жаш изилдөөчүлөрдү даярдоого багытталган кызматташтык долбоорлоруна айланышы маанилүү экенин белгилеген ректор, иш-чараны колдогон мекемелерге жана өз изилдөөлөрүн бөлүшкөн окумуштууларга ыраазычылык билдирди.

Профессор Шабан Доган: Илимий изилдөө жана коргоо иштеринде маалымат алмашуу күчөтүлүшү керек
Түрк археология жана маданий мурас институтунун төрагасы, профессор Шабан Доган археологиялык мурасты изилдөөдө жана коргоодо мекемелер аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолду. Ал казуу учурунда табылган артефакттарды документтештирүү, илимий ыкмалар менен баалоо жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бөлүшүү бири-бирин толуктап турган процесстер экенин белгиледи.

Ар кайсы өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрү өздөрүнүн ыкмалары жана тажрыйбалары менен бөлүшүүсү маданий мурасты изилдөө иштерине салым кошорун белгилеп өткөн Доган симпозиум бул жагынан пикир алышуу үчүн ыңгайлуу аянтча болорун белгиледи. Ал талаа изилдөөлөрүндө алынган маалыматтарды илимий басылмалар жана мурасты коргоо иштери менен байланыштыруу жалпы мурасты келечек муундарга өткөрүп берүүдө маанилүү роль ойной турганына көңүл бурду. Институт түрк дүйнөсүнүн бардык аймактарындагы изилдөөчүлөр менен кызматташууга даяр экенин билдирген Доган: «Биздин максатыбыз — түрк эли жашаган, түрк эли кадам таштаган, өзүнүн тарыхый-маданий мурасын калтырган ар бир аймакта боордошторубуз менен биргеликте эмгектенүү жана бир жолду чогуу басуу», — деди.

Профессор, доктор Абылабек Асанканов: Биргелешкен изилдөөлөр түрк дүйнөсүнүн тарыхына жарык чачат

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, профессор Абылабек Асанканов симпозиум ар кайсы аймактардан табылган археологиялык материалдарды бириктирүү аркылуу түрк дүйнөсүнүн тарыхын илимий маалыматтардын негизинде тереңирээк таанып-билүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейландын көп жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан археологиялык казуулары жана жер үстүндөгү археологиялык изилдөөлөрү түрк элдеринин тарыхый жана маданий издерин документтештирүү жагынан чоң мааниге ээ экенин айткан Асанканов бул иштерди жаш изилдөөчүлөрдүн улантышы илимий потенциалдын өнүгүшүнө шарт түзөрүн белгиледи. «Манас» университетинин изилдөөчүлөрдү бирдиктүү илимий чөйрөгө чогултушун жогору баалаган Асанканов симпозиумдун алкагында түзүлө турган байланыштар биргелешкен талаа изилдөөлөрүнө жана илимий басылмаларга айланып, аймактын тарыхы жөнүндөгү билимдердин тереңдешине салым кошорун баса белгиледи.

Кыргызстанда акыркы мезгилде археологиялык изилдөөлөрдүн өнүгүп жатканын белгилеп өткөн Асанканов Өзгөн, Кочкор жана Токтогул сыяктуу аймактарда жүргүзүлүп жаткан иштер өлкөнүн тарыхый мурасын ачып көрсөтүүдө маанилүү экенин белгиледи. Ал археология тармагындагы өнүгүүнү улантуу үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо жана изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргызстанда археологиялык аймактардын санынын көптүгү менен бул тармакта иштеген адистердин санынын ортосунда олуттуу айырма бар экенине көңүл бурган Асанканов «Манас» университетинин мүмкүнчүлүктөрү археологиялык изилдөөлөргө салым кошо аларын айтты. Университеттин алдында археологиялык борбор түзүү адистерди даярдоого да, ар кайсы доорлорго таандык маданий мурастарды илимий ыкмалар менен изилдөөгө да көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Надир Алпаслан: Археология тармагындагы тажрыйба алмашуу маданий кызматташтыкты өнүктүрөт

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Маданий баалуулуктар жана музейлер башкы башкармалыгынын Музейлер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Серкан Гедүк түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын изилдөө өлкөлөр ортосундагы илимий жана маданий кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошорун белгиледи. Ал археологиялык казууларда жана мурасты коргоо иштеринде топтолгон тажрыйбаларды бөлүшүү жалпы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууда маанилүү экенин айтты.

Археологиялык мурасты изилдөө, коргоо жана коомчулукка таанытуу бири-бирин толуктаган милдеттер экенин белгилеген Алпаслан университеттер менен маданий мекемелердин биргелешип иштеши бул процесстерди күчөтөрүн билдирди.

Назгуль Омурзакова: Археологиялык табылгаларды коомчулукка жеткирүүдө музейлер маанилүү роль ойнойт

Кыргыз улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коомчулукка жеткирүүдө музейлердин аткарган ролуна көңүл бурду. Ал табылган буюмдарды тарыхый контексти менен бирге кароо музейге келген адамдарга өткөн доордогу жашоо образын жана маданий байланыштарды түшүнүүгө жардам берерин белгиледи.
Университеттердин, музейлердин жана изилдөө топторунун ортосунда маалымат алмашуу табылгаларды документтештирүүгө, сактоого жана көргөзмөгө коюуга өбөлгө түзөрүн айткан Омурзакова симпозиумда бөлүшүлө турган илимий иштер музей ишмердиги үчүн да баалуу экенин белгиледи. Ал маданий мурас тууралуу илимий маалыматтарды жаш муундарга түшүнүктүү түрдө жеткирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Профессор Алпаслан Ашык: Учурдагы изилдөөлөр бирдиктүү илимий аянтчада биригүүдө

Симпозиумдун уюштуруу комитетинин төрагасы жана Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык ар кайсы аймактарда жүргүзүлгөн археологиялык казуулардын жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бириктирүү түрк дүйнөсүнүн археологиялык мурасын салыштырмалуу изилдөөгө салым кошорун белгиледи. Ал изилдөөчүлөрдүн өз тармактарында алынган табылгаларды ар башка илимий багыттардагы адистер менен биргеликте талкуулашы жаңы изилдөө суроолорун иштеп чыгууда маанилүү экенин айтты.

Программа археологиялык казууларды жана жер үстүндөгү изилдөөлөрдү, маданий мурасты коргоону жана илимий талдоо ыкмаларын өз ара байланыштыргандай түзүлгөнүн белгилеген Ашык симпозиум изилдөө тажрыйбалары менен бөлүшүүгө жана мекемелер арасындагы илимий байланыштарды улантууга шарт түзөрүн билдирди. Ал иш-чаранын уюштурулушуна салым кошкон мекемелерге жана изилдөөчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

Эки күндүк программада 83 баяндама жасалат

Симпозиумдун илимий программасы ректор, профессор Алпаслан Жейландын төрагалыгы астында өтүүчү ачылыштагы атайын жыйындан, салттуу форматтагы 12 отурумдан жана онлайн форматтагы 3 отурумдан турат. Ачылыштагы атайын жыйында 5, салттуу отурумдарда 62, ал эми онлайн отурумдарда 16 баяндама жасалат.

Программада байыркы конуштардын жана шаарлардын тарыхы, коргон жана көрүстөн маданияты, аска бетиндеги сүрөттөр, тарыхый согуш талаалары, архитектуралык мурас жана аны коргоо иштери каралат. Ошондой эле археогеофизика, археогенетика жана байыркы ДНКны изилдөө, жасалма интеллектти колдонуу, археологиялык мурастын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы сыяктуу темалар да симпозиумдун дисциплиналар аралык багыттарын түзөт.

Илимий отурумдар 16-октябрда уланат. Симпозиумдун жыйынтыгын чыгаруу программасында отурумдардын төрагалары жалпы жыйынтык чыгарып, алдыдагы мезгилде академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикирлери менен бөлүшөт.

    Социалдык медиада бөлүшүү