Фестивалдын ачылыш сөзүн сүйлөгөн филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Чолпон Найманова катышуучуларды фестивалга чакырып, иш-чара кытай маданияты жана каада-салттары менен жакындан таанышууга маанилүү мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ошондой эле фестивалды уюштурууга салым кошкон кытай тили жана адабияты программасынын окутуучуларына жана студенттерине ыраазычылык билдирди.
Гуманитардык факультеттин деканынын орун басары, доц.м.а. Мирзат Ракимбек уулу фестивалдын катышуучуларын куттуктап, тил менен маданияттын өз ара байланышы тууралуу сөз кылды. Ал маданият коомдук жашоонун ар түрдүү жактарын тил аркылуу чагылдырарын белгилеп, маданиятты тилден бөлүп кароого мүмкүн эместигин баса белгиледи.
Мирзат Ракимбек уулу Кытайда жашаган кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын «Манас» эпосундагы архаизмдер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөнүн да белгиледи. Айрыкча Алмамбеттин сөздөрүндө кытай тилинен келип чыккан сөздөр кездешерине токтолуп, кыргыз тили менен адабиятындагы мындай тилдик элементтерди изилдөөнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Салттуу бий жана музыкалык көрсөтүүлөр
Фестивалдын программасында кытай маданиятынын символдорунун бири болгон ажыдаар бийи көрсөтүүсү болду. Ошондой эле кыргыздын салттуу бийи, түрк ырлары жана кытай элдик бийи тартууланды. Бул көрсөтүүлөр аркылуу катышуучулар эки маданияттын салттуу өнөрүн жана музыкалык өзгөчөлүктөрүн биргеликте көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Иш-чаранын алкагында Кытайдын салттуу майрамдарынын бири болгон Орто Күз майрамынын келип чыгышын баяндаган театрлаштырылган көрсөтүү да тартууланды. Көрсөтүүдө майрамдын тарыхый жана маданий тамыры чагылдырылып, анын кытай элинин каада-салттарындагы орду катышуучуларга тааныштырылды.
Салттуу кытай оюндары аркылуу маданий байланыш
Ошондой эле кытай маданиятына таандык салттуу оюндар уюштурулду. Катышуучулар кытай каллиграфиясы менен таанышып, Го жана Маджонг сыяктуу оюндарды ойноо аркылуу Кытайдын маданий мурасын жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Тил, адабият, музыка, бий жана салттуу оюндарга бай фестиваль катышуучуларга маданий баалуулуктар менен таанышууга жана маданияттар аралык байланышты чыңдоого шарт түздү.