Узак жылдар бою Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмүнүн Кыргыз тили координаторлугунда эмгектенген ага окутуучу Турдубек Мамырбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен кабарлайбыз.
Чет тилдер жогорку мектептин жана университеттин иштеринде жасаган эмгеги жана аткарган кызматы үчүн агайыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана бүткүл университет жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтып, сабырдуулук тилейбиз.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректорлугу