Жума күнү, 2025-жылдын 11-апрелинде саат 15:30да КТМУнун теология факультетинин Бишкек кыздар Куран курсунун окутуучулары үчүн “Ханафи-Матуридий динди түшүнүү” аттуу биринчи семинар болуп өттү. Семинарды аталган тема боюнча КТМУнун теология факультетинин Доц. док.Наил Карагөз тарабынан жургүзүлдү.
Семинарда Исламий пикирде маанилүү орунга ээ болгон ханафий-матуридий багытынын негизги өзгөчөлүктөрү кеңири талкууланды. Бул диний түшүнүктүн тарыхый өзгөчөлүктөрү, анын өнүгүү процесси жана бүгүнкү күндөгү чагылдырылышын түшүндүрүү аркылуу маалымдуулукту арттыруу максат кылынды.
Семинарда Асхаб аль-Хадис жана Асхаб аль-Райдын өзгөчөлүктөрү, Абу Мансур аль-Матуридинин өмүр жолу, ал өскөн чөйрөнүн коомдук жана илимий түзүлүшү, устаздары жана шакирттери талкууланган. Мындан тышкары Матуридийдин бүгүнкү күндө жетишээрлик билинбей, көңүл бурулбай калышынын себептери да терең изилденген.
Катышуучулар ислам ой жүгүртүүсүнө кошкон салымдары менен таанышуу менен бирге, өздөрүнүн билим берүү процесстерине жаңы көз караштарга ээ болушту.