2025-жылдын 14-апрелинде, дүйшөмбү күнү, саат 15:30да диний, тарыхый жана интеллектуалдык мурастарыбызды таанытуу максатында Бишкек шаарындагы кыздар Куран курсунун мугалимдерине “Ханафи-Матуридий дин түшүнүгү” аттуу экинчи семинар болуп өттү.
Семинарды кайрадан эле КТМУнун теология факультетинен тема боюнча адиси, доц докт. Наил Карагөз тарабынан жургузулдү. Программа ханафий-матуридий салтынын алкагында диний көз караштын негизги принциптерин түшүндүрүп, бул түшүнүгүн жогорулатууну максат кылган. Катышуучуларга, атап айтканда, төмөнкү темалар боюнча кеңири маалымат берилди:
Матуридийликтин негизги көз караштары,
Маалымат булактары жана маалымат алуу жолдору,
Аллахты таануунун зарылчылыгы жана жолдору,
Кудайдын сыпаттары жана бул сыпаттардын классификациясы,
Ыймандын аныктамасы, анын көбөйөт же азаят деген көз карашы жана ага байланыштуу талкуулар,
Адамдын иш-аракети, анын эркти жарым-жартылай түшүнүүсү,
Жакшы менен жаманды түшүнүү (хусун жана кубух),
Акыретке ишенүү жана акыретти түшүнүү,
Пайгамбарлыктын зарылчылыгы жана пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрү,
Имаматты түшүнүү жана анын тарыхый контексти,
Дин менен шарияттын айырмасы.