2025-12-29

КТМУ Теология факультетинин окутуучуларынын айыл зыяраттары


25-декабрь 2025инин бейшемби күнү, факультетибиздин окутуучулары проф. д-р Кемал Полат доц. д-р Бакыт Мурзараимов жана кызматкерибиз Арстан Сагынбай уулу КТМУнун Айыл жана Мектеп Зыяраттары» алкагында Балыкчы шаарындагы Манас лицейине барышты.

Зыярат учурунда окуучулар менен жолугушуп, университет жана факультет тууралуу маалымат берилди, ошондой эле билим алуу жана карьералык өнүгүү боюнча тажрыйбалар бөлүшүлдү.

Абдан натыйжалуу өткөн бул зыяраттын максаты — университет менен коомдун кызматташтыгын чыңдоого салым кошуу болду.

Бул маанилүү иш-чарага салым кошкон бардык окутуучуларга жана кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, өз ишине берилгендиги үчүн куттуктайбыз.