2026-02-10

Студенттик Симпозиум


СТУДЕНТТИК СИМПОЗИУМ

Темасы: Кыргызстандын руханий агартуучулары (Өмүрү, идеялары, көз караштары жана бүгүнкү күнгө калтырган осуяттары)

Уюштуруучу: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Теология факультети

Өткөрүлүү күнү: 2026-жыл, 23-апрель

 

УЮШТУРУУ КУРАМЫ

PhD Проф. Док. Акйүз Хүсейин

PhD Проф. Док. Полат Кемал

PhD Доц. Док. Мурзараимов Бакыт

PhD Доц. Милд. Атк. Кариев Айитмамат

PhD Док. Сотволдиев Хайитмирза

 

ИЛИМИЙ КЕҢЕШ (БИЛИМ КУРАМЫ)

Акйүз Хүсейин (Проф., док., КТМУ Теология ф-ти)

Полат Кемал (Проф., док., КТМУ Теология ф-ти)

Мурзараимов Бакытбек (Доц., док., КТМУ Теология ф-ти)

Кариев Айтмамат (Доц.,м.ф. док., КТМУ Теология ф-ти)

Бабатаев Абдурашит (Док., КТМУ Гуманитардык ф-ти)

Сотволдиев Хайитмирза (Док., КТМУ Теология ф-ти)

Рахматиллаева Дилноза (Док., КТМУ Теология ф-ти)

Бекмурзаева Миргүл (Док., КТМУ Теология ф-ти)

Жолалиева Жазгүл (Док., КТМУ Теология ф-ти)

Орунбеков Шохимардан (Док., КТМУ Теология ф-ти)

Мураталиев Сабыр (Док., КТМУ Теология ф-ти)

Калмурза уулу Уланбек (Док., КТМУ Теология ф-ти)

Краиж Абдулбасит (КТМУ Теология ф-ти)

Мурадилов Данияр (КТМУ Теология ф-ти)

Катчылык: Курманбекова Алтынай, Жораева Жамила

СИМПОЗИУМДУН МАКСАТЫ

Кыргызстандын руханий жашоосуна багыт берген маанилүү инсандарды таанытуу, алардын маданий жана коомдук таасирин ачып берүү, ошондой эле студенттердин илимий ой жүгүртүүсүн жана маданий аң-сезимин өстүрүү.

Симпозиумдун тили: Кыргызча жана Түркчө.

ТЕМАТИКАЛЫК БАГЫТТАР

Тасаввуф жана элдик Ислам өкүлдөрү:

Кыргыз географиясында тасаввуфтун жайылышы.

Ахмет Ясави салтынын таасирлери.

Дервиштердин, шейхтердин элдин руханий жашоосуна тийгизген таасири.

Эпостор жана оозеки маданияттагы руханий лидерлер:

"Манас" эпосундагы руханий баалуулуктар.

Аксакалдар жана акылман инсандар.

Агартуучулар жана ойчулдар: Заманбап доордун руханий агартуучулары:

Чыңгыз Айтматов жана адеп-ахлактык баалуулуктар.

Совет доорундагы жана андан кийинки руханий изденүүлөр.

Руханий мурастын бүгүнкү күндөгү чагылышы:

Салттуу баалуулуктарды сактоо.

Билим берүү, үй-бүлө жана коомдук жашоодогу руханият.

Глобализация шартында кыргыз руханий иденттүүлүгү:

Иденттүүлүк, маданият жана ишеним байланышы.

Жаш муун жана руханий баалуулуктарды өткөрүп берүү.

Кыргызстандагы руханий агартуучулардын жалпы баалуулуктары:

Адилеттүүлүк, кайрымдуулук, акылмандык.

Коомдук биримдик жана тилектештик.

 

Келечекке багытталган руханий мурас:

Руханий агартуучулардын бүгүнкү Кыргызстанга калтырган осуяттары.

СИМПОЗИУМДУН ГРАФИГИ

Тезистерди (аннотация) тапшыруу: 2026-жыл, 20-февраль

Кабыл алынган баяндамаларды жарыялоо: 2026-жыл, 25-февраль

Симпозиумдун программасын жарыялоо: 2026-жыл, 30-апрель

Толук текстти тапшыруу: 2026-жыл, 20-апрель

Симпозиум өтүүчү күн: 2026-жыл, 23-апрель

КАТЫШУУ ЖАНА ТАПШЫРУУ ШАРТТАРЫ

Катышуучулар: КТМУда билим алган бакалавр, магистрант жана докторанттар катыша алат.

Тапшыруу тартиби: Симпозиумга тезис (аннотация) жөнөтүү аркылуу катталуу керек. Тезистерди 2026-жылдын 20-февралына чейин altinay.kurmanbekova@manas.edu.kg дарегине жөнөтүү зарыл. Толук тексттер 20-апрелге чейин жөнөтүлүшү шарт.

Баяндаманын тезиси: Баяндама кайсы тилде сунула турган болсо, тезис да ошол тилде жазылып, 150-200 сөздөн турушу керек. Ачкыч сөздөр: 3-5 сөз. Тезисте теманын актуалдуулугу, максаты, методу жана илимий жыйынтыктары камтылууга тийиш.

ТЕКСТТИ ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ

Арип: Times New Roman, 12 шрифт. (Баш сөз, автор, мекеме, e-mail, тезис жана ачкыч сөздөр – баары 12 шрифт).

Сап аралыгы: 1.15.

Абзац: Сол тараптан боштук (отступ) калтырылбайт.

Баш сөздөр: ЧОҢ ТАМГАЛАР менен жана калың (bold) жазылат.

Көлөмү: Толук текст эң аз 5, эң көп 10 барак болушу керек.

Түзүмү: Текстте АННОТАЦИЯ, КИРИШҮҮ, ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР, КОРУТУНДУ жана АДАБИЯТТАР бөлүмдөрү так көрсөтүлүшү зарыл.

Шилтемелер: Текст ичиндеги шилтемелер барактын алдына (дипнот/сноска) коюлушу керек.

Катышуу формасы: Офлайн. Байланыш: КТМУ Теология факультетинин имараты. Тел: +996 707 436 103