2026-02-26

Дүйнө — акыреттин эгин талаасы


Факультетибиздин 2026-жылдагы социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 26-январында айымдарга арналган «Дүйнө — акыреттин эгин талаасы» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарды КТМУнун Теология факультетинин кызматкери Жамила Жораева жана кыз студенттер уюштурушту.

Семинарда Жамила Жораева «Дүйнө — акыреттин эгин талаасы» темасында баяндама жасады. Анда адамдын бул дүйнөгө келиши менен башталган дүйнө жашоосу убактылуу мүнөзгө ээ экени, ал эми «кийинки жашоо» деген маанини туюндурган акырет ыйман жана амалдардын натыйжасы катары түшүндүрүлөрү белгиленди.

Адам бул дүйнөдө жасаган ар бир жакшылыгы Аллах тарабынан жоопсуз калбай турганы, ошондуктан дүйнө жашоосу убактылуу болгонуна карабастан, акыреттеги бакыттын аныктоочу негизи катары өтө маанилүү экени баса белгиленди.

Ошондой эле дүйнө момундар үчүн жалаң гана кыйынчылык жана жокчулук жайы эмес экени, тескерисинче алардын күчтүү болуп, жыргал жашоого мүмкүнчүлүк түзө турган мейкиндик экени айтылды. Ар бир адам дүйнө жашоосун туура жана тең салмактуу курууга милдеттүү экени, ырыскыны берген Жаратуучуну унутпай кулчулук милдетин аткарып, акыретке даярданышы жана ашкере кетүүдөн сактануу менен тең салмактуулукту сактоосу зарыл экени өзгөчө белгиленди.

Семинарга болжол менен 150 айым катышып, чоң кызыгуу менен угушту. Жооптуу тараптар бул программа ар жуманын бейшемби күнү ошол эле убакта улантыларын билдиришти.