2026-03-06

Биздин окуучубуз хутба окуу менен үлгү көрсөттү.


Кыргыстан–Түркия Манас университетинин Теология факультетинин практикалык мечит кызматтары жана практикалык ишмердүүлүктөр боюнча жобосунун 19-беренесинин негизинде студентебиз Нурмат Исат уулу мечитте хутба окуп, маанилүү милдетти аткарды.

Хутба окуу — бул жөн гана текстти окуу эмес, коомго туура маалымат жеткирүү жана жакшы насаат берүү жоопкерчилигин да камтыйт. Студентибиздин бул милдетти аткарууда көрсөткөн аракетчилдиги жана жоопкерчилиги анын жеке өнүгүүсү үчүн гана эмес, ошондой эле «Дин кызматтарынын практикасы» сабагынын сапаты жана үлгүлүүлүгү үчүн да чоң мааниге ээ.

Факультет катары студентебизди куттуктайбыз жана анын мындан аркы ийгиликтерин каалайбыз.