2026-04-08

Азыркы жаш муундагы өзүнө шеним жана адеп- ахлак


Факультетибиздин 2026-жылдагы социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 7-апрелинде университет студенттерине арналган «Азыркы жаш муундагы өзүнө шеним жана адеп» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар КТМУ Теология факультетинин кызматкери Жамила Жораеванын координациясы менен уюштурулду.

Семинарда Акылай Асанова ислам көз карашы боюнча өзүнө ишеним — адамдын Аллах берген жөндөмдөрүн жана жоопкерчиликтерин таанып, ошого жараша аракет кылуусу катары караларын белгиледи. Бирок бул өзүнө ишеним текебердикке айланып кетпеши үчүн адеп менен тең салмакта болушу зарыл экени баса белгиленди.

Адеп — ислам ахлагынын негизги элементтеринин бири болуп, ал сый-урматты, кичипейилдикти, жакшы сөздү жана жакшы жүрүм-турумду камтыйт. Бул контекстте жаштардын өзүнө ишенген, ошол эле учурда башкаларга карата сылык, сабырдуу жана аң-сезимдүү инсан болуп калыптанышы ислам сунуштаган тең салмактуу адам моделин чагылдырганы белгиленди.