2026-04-16


Ветеринардык факультетте Ветеринардык дарыгерлер күнүнө арналган турнир


Кыргыз-Түрк «Манас»  университетинин Ветеринардык факультетинин студенттеринин арасында Ветеринардык дарыгерлер күнүнө карата футбол турнири уюштурулду.

2026-жылдын 15-апрелинде өткөрүлгөн турнирге даярдоо бөлүмүнүн, бардык курстардын жана бүтүрүүчүлөрдүн студенттери катышты. Студенттердин биримдигин жана ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган иш-чара достук жана атаандаштык коштолгон кызыктуу оюндар менен өттү.

Турнирдин жыйынтыгында 4-курстун командасы биринчи орунду ээледи. 1-курстун командасы экинчи орунду, ал эми 5-курстун командасы үчүнчү орунду алды.