2026-04-29


Таш-Дөбө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы орто билим берүү мектебинин окуучулары Кыргыз-Түрк «Манас» университетине барышты


Таш-Дөбө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы орто билим берүү мектебинин окуучулары 2026-жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринардык факультетине келишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар факультеттин академиялык түзүмү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана практикалык окутуу базалары тууралуу факультет жетекчилигинен жалпы маалымат алышты.

Факультет өкүлдөрүнүн коштоосунда өткөн тааныштыруу иш-чарасында окуучулар факультеттин лабораторияларын, окуу аудиторияларын, музейин, илимий-изилдөө жана практикалык борборун көрүп чыгышты.

Бул сапар окуучулардын университеттик чөйрө менен жакындан таанышып, ветеринардык кесип тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө жана келечектеги академиялык максаттарын аныктоого өбөлгө түздү.