2026-06-11

КМТУ менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин ортосунда кызматташтык протоколу кол коюлду


2026-жылдын 20-майында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринардык факультети менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин ортосунда кызматташтык протоколу кол коюлду.

Келишимдин алкагында эки факультеттин ортосунда билим берүү, илимий изилдөөлөр жана биргелешкен илимий иштерди өнүктүрүү максат кылынууда. Кол коюлган протокол ветеринардык медицина тармагындагы академиялык кызматташтыкты чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.