Кыргызстан-Түркия «Манас» Университетинин (КМТУ) Ветеринардык факультетинин 2026-жылкы бүтүрүүчүлөрү ант берүү аземи аркылуу ветеринардык дарыгерлик кесиптик жолуна алгачкы кадамдарын ташташты. 2026-жылдын 10-июнунда КМТУнун Ветеринардык факультетинде өткөрүлгөн салтанатта бүтүрүүчүлөр ветеринардык дарыгердин антын берип, кесиптик ишмердүүлүгүн расмий түрдө башташты.
Салтанат Ветеринардык факультеттин 2026-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен биринчи орунду алган Айжана Кубаныч кызы менен экинчи орунду алган Мелек Султан Акбулуттун бүтүрүүчүлөр тактасына ысымдарын илиши менен башталды. Бүтүрүүчүлөрдүн атынан сөз сүйлөгөн Айжана Кубаныч кызы жана Мелек Султан Акбулут узак жана татаал окуу мезгилинде аларга багыт берип келген профессордук-окутуучулук курамга жана кызматкерлерге ыраазычылык билдиришти.
Программанын жүрүшүндө 2026-жылкы бүтүрүүчүлөр ветеринардык дарыгердин антын беришти. Салтанатта сөз сүйлөгөн Ветеринардык факультеттин деканы, профессор доктор Исмаил Шен бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ветеринардык дарыгерлик жөн гана кесип эмес, чоң жоопкерчиликти жана өзүн арноону талап кылган турмуш жолу экенин белгиледи. Ал жаш ветеринардык дарыгерлерге кесиптик ишмердүүлүгүндө этикалык баалуулуктарды сактоону, илимий жетишкендиктерди тыкыр көзөмөлдөөнү жана коомго пайдалуу иштерди жүргүзүүнү сунуштады.
Таасирдүү көз ирмемдерге күбө болгон салтанат бүтүрүүчүлөрдүн окутуучулары жана үй-бүлө мүчөлөрү менен эстелик сүрөткө түшүүсү менен жыйынтыкталды.



