2024-03-09


8-Март - Аялдардын Эл аралык күнү кут болсун


Табигый Илимдер факультети 8-март Аялдардын эл аралык майрамын өзгөчө иш-чара менен белгиледи. Факультеттин имаратында академиктер жана кызматкерлер чогулуп, гендердик теңчиликти жана илим дүйнөсүндөгү аялдардын ролун баса белгилешти.