Шейшемби күнү, 2025-жылдын 15-апрелинде саат 15:30да КТМУнун Теология факультетинде үчүнчү “Ханафи-Матуридий дин түшүнүгү семинары” болуп өттү. Семинардын баяндамачысы КТМУнун теология факультетинин окутуучусу доц. Доктор Наил Карагөз болду.
Семинарда Бишкек шаарындагы кыздардын Куран курсунун мугалимдерине ханафий-матуридий диний түшүнүгүнүн негизги принциптери жеткирилди. Ислам пикиринде маанилүү орунга ээ болгон бул түшүнүк тууралуу кеңири маалымат алуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү. доц. Доктор Карагөз баяндамасында өзгөчө матуридийликтин мааниси, Ислам ой жүгүртүүсүнө кошкон салымы, тафсир менен тавилдын ортосундагы айырма, ижтихад менен насхтын байланышы, даанышмандык түшүнүгү жана матуридийликтин бүгүнкү күндөгү орду сыяктуу темаларга токтолду.
Семинардын максаты Ханафий-Матуридий пикири менен тааныштыруу жана бул түшүнүктүн азыркы дүйнөдөгү ордун жакшыраак түшүнүү болду.