2025-12-29

Айымдарга арналган “Рагаиб кечеси жана анын мааниси” аттуу семинар өткөрүлдү.


Факультетиӊиздин 2025-жылдагы социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 25-декабрь 2025-жылы айымдарга арналган “Рагаиб кечеси жана анын мааниси” аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинар Теологи факультетинин кызматкери Жамила Жораева жана кыз студенттери тарабынан уюштурулду.

 

Иш-чарада докторонтура студенти Элвира Тагаева “Рагаиб кечеси жана анын мааниси” темасында маек кылды.

Семинардын соңунда ыйык айлар тууралуу берилген суроолорго жооптор айтылды. Семинарда Рагаиб кечеси мусулмандар үчүн өзгөчө жана берекелүү убакыт экени, бул кечеде кылынган ибадаттардын фазилеттүү экени белгиленди.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга конок тосулду. Семинарга болжол менен 50 айым катышып, кызыгуу менен угушту.

Жооптуу кызматкерлер бул программаны ар аптанын бейшемби күнү ошол эле убакта улантыларына токтолушту.