2025-12-19


«МАКАЛ-ЛАКАПТАРДЫ КОТОРУУ ЫКМАЛАРЫ» АТАЛЫШЫНДАГЫ СЕМИНАР


2025-жылдын 18-декабрында Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу PhD. Дөөлөтбек Эшкенов «Макал-лакаптарды которуу ыкмалары» аталышындагы семинар өткөрдү. Семинарга кыргызча–түркчө жана түркчө–орусча котормо жана котормочулук программаларынын студенттери катышып, практикалык иштер аткарылды. Семинарда макал-лакаптарды которууда колдонулуучу толук эквиваленттүүлүк, жарым эквиваленттүүлүк, локалдаштыруу, сөзмө-сөз которуу, маданий адаптация, түшүндүрмө котормо ж.б. ыкмаларга ылайык мисалдар берилди. Макал-лакаптарды которуу тилдик гана эмес, маданий процесс экенин, котормочунун котормо аудиториясынын маданий өзгөчөлүктөрүн эске алып, эң ылайыктуу ыкманы тандашы зарыл экендиги белгиленди. Муну менен бирге котормо тилде эквивалент макал-лакапты табуунун маанилүүлүгү, ал эми эквиваленттүүлүккө жетишүү маселелери жаралган учурда маданий адаптация, түшүндүрмө же башка котормо ыкмасын ордуна жараша тандап колдонуу ылайыктуу экени айтылды. Семинарга катышкан окутуучулар да мазмундуу, колдоочу пикирлерин билдиришти.