2023-07-12

ЖРТ жыйынтыгы менен колледжибизде окуу мүмкүнчүлүгү


АБИТУРИЕНТ 2023
ПРОФЕССИОНАЛЬНЫЙ КОЛЛЕДЖ КТУ «МАНАС»
НА 2023-2024 УЧЕБНЫЙ ГОД ПРИНИМАЕТ СТУДЕНТОВ
ПО РЕЗУЛЬТАТАМ ОРТ (ПОРОГ 110 БАЛЛОВ)
ДАТЫ ЗАЯВОК

https://exams.manas.edu.kg/index.php/kesiptik-orto-bilim-ber-kolledzhi

Тел: +996 (312) 49 12 39/43/58/65

 

2010-жылы Кесиптик жогорку мектебибиз өзүнүн күчтүү кадрлары жана алдыңкы техникалык инфраструктурасы алкагында алгачкы бүтүрүүчүлөрүн бүтүргөн.

Кесиптик жогорку мектебибиз билим берүү ишин экономикалык жана башкаруу программалар бөлүмү жана техникалык программалар бөлүмдөрү менен улантууда.

Экономика жана башкаруу программалар бөлүмүндө;

Офис менеджмент жана жетекчинин жардамчысы, Мектепке чейинки билим берүү, Экономика жана бухгалтердик эсеп, Маркетинг жана Туризм жана мейманкана иштеттүү программалары,

Техникалык  программалар бөлүмүндө;

Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо, Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо, ширетүү өндүрушү, Жыгач иштеттүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо жана Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо программалары бар.

  • Даярдоо курсун кошпогондо 2 жылдык билим берилет.
  • Бул жылкы, абитуриенттер ЖРТ (ОРТ) экзаменинин жыйынтыгы боюнча биздин окуу жайга тапшыра алышат.
  • Ар бир программага 30 студент кабыл алынат.

Студенттерибиз;

  • Практикалык  жана прикладдык кесиптик сабактарды өтүшөт жана андан тышкары англис жана түрк тилдерин үйрөнүшөт.
  • Алар, Түркия жана Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө жайкы стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
  • Орхун жана Мевлана долбоорунун алкагында Түркияда бир семестр билим ала алышат.
  • Университетибиздин  бардык социалдык жана маданий мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана алышат жана стипендия ала ала алышат,

Биздин бүтүрүүчүлөр;

  • Мыкты окуган, алдынкы бүтүрүүчүлөрүбүз университетибизде же Түркиядагы университеттерде бөлүмдөн бөлүмгө которулуп окууга укуктуу.
  • Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Россия, Америка ж.б. көптөгөн өлкөлөрдө иштеп жатышат.

КЖМ (Кесиптик жогорку мектебибиз)  жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биздин веб-сайтка кириңиз.

КЖМ жарнамалык тааныштыруу тасмасын көрүү үчүн бул жерди басыңыз.