Кыргыз-түрк “Манас” университетинин Кесиптик жогорку мектебинин техникалык программалар бөлүмүндө «Компьютердик системалардагы программалоо» адистиги боюнча билим алууну сунуштайт. Бул адистик боюнча билим алган студенттер үчүн заманбап жабдуулар жана керектүү программалык камсыздоо менен жабдылган эки компьютердик лаборатория каралган. Бул лабораторияларда кеңири технологияларды жана дисциплиналарды камтылган сабактар өткөрүлөт: 1. 3D моделдөө: Студенттер Autodesk 3ds Max, Autodesk Maya жана AutoCAD сыяктуу белгилүү программаларды үйрөнүшөт. Сабактарда 3D моделдерди жаратуу, анимациялоо, текстуралоо жана визуалдаштыруу боюнча көндүмдөр үйрөтүлөт. Бул программалар студенттерге оюндар, фильмдер, инженердик долбоорлор жана архитектуралык дизайн үчүн графика жана анимация тармагын өздөштүрүүдө маанилүү курал болуп саналат. 2. 2D графика: Вектордук жана растордук сүрөттөрдү жаратуу үчүн студенттер Adobe Photoshop, Adobe Illustrator жана CorelDRAW программалары менен иштешет. Бул куралдар логотиптерди, жарнама материалдарын, веб-дизайн жана башка графикалык контенттерди түзүүдө колдонулат. Сабактар композициянын негиздерине, түс теориясына жана сүрөттөрдү санариптик иштетүүгө багытталган. 3. Веб-программалоо: Студенттер HTML, CSS, JavaScript колдонуп веб-сайттар жана веб-тиркемелерди иштеп чыгууну үйрөнүшөт. Окуу процессинде алар адаптивдүү жана функционалдуу сайттарды түзүүнү, интерфейстер жана динамикалык контент менен иштөөнү өздөштүрүшөт. Мындан тышкары, студенттер программалоо тилдери болгон Python, C++ жана Java менен таанышып, база жана сервердик системалар сыяктуу татаалыраак программаларды иштеп чыгууну үйрөнүшөт. 4. Программалоо жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу: Лабораторияларда ошондой эле алгоритмдерди, маалымат түзүмдөрүн жана программалык камсыздоону иштеп чыгуунун негиздерин үйрөткөн программалоо сабактары өтүлөт. C++, Java жана Python тилдери студенттерге толук кандуу веб тиркемелерди жаратууга, алгоритмдер менен иштөөгө жана оюнадардан тартып толук кандуу веб тиркемелерди иштеп чыгууга жана ар кандай маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. 5. Маалымат базалары (MySQL): Студенттер маалымат базаларын түзүү жана башкаруунун негиздерин үйрөнүшөт. Алар SQL тилин колдонуп таблицаларды жаратуу, маалыматты тандоо, фильтрациялоо, кошуу жана жаңыртуу иштерин ишке ашырышат. Бул процесстер веб-тиркемелерди жана маалыматты башкаруу системалары үчүн негизги болуп саналат. 6. Камтылган системалар жана Arduino: Программалоонун практикалык колдонмолорунун алкагында студенттер Arduino микроконтроллерлору менен иштөө, сенсорлор менен байланышуу жана физикалык түзмөктөрдү башкарууну үйрөнүшөт. Бул лабораториялык иштер аркылуу студенттер программалоону чыныгы дүйнөдө колдонууну өздөштүрүшөт – мисалы, жарыкты башкаруу, кыймыл сенсорлору, автоматташтырылган системалар жана башка интерактивдүү долбоорлорду иштеп чыгышат. Ар бир лаборатория күчтүү компьютерлер менен жабдылган, ресурска талап кылуучу программалар менен иштөөгө шарт түзөт, айрыкча 3D моделдөө, графика жана программалоо тармактарында. Студенттерге ошондой эле ар түрдүү онлайн ресурстар жана окуу материалдары жеткиликтүү, булар алардын базалык билимдерди гана эмес, тандаган адистик боюнча практикалык өнөрлөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөт. Лабораторияларда сабактар IT тармагында тажрыйбалуу окутуучулар тарабынан өткөрүлөт, алар студенттерге теориялык жана практикалык билимдерди өздөштүрүүгө жардам беришет. Ошондой эле лабораториялар графика жана моделдөө үчүн атайын жабдуулар менен жабдылган, бул студенттерге ыңгайлуу билим алуу жана реалдуу долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.