2026-жылдын 12-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Коммуникация факультети менен Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) Мамлекеттик тил жана маданият институтунун ортосунда академиялык жана институционалдык кызматташтыкты чыңдоого багытталган келишимге кол коюлду.
КМУда өткөн иш-чарага КМУда өткөн жолугушууда мамлекеттик тил жана жаштар саясаты, спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору проф., докт. Самат Жумалиев, медиа борборунун башчысы Зарина Эсенбаева катышышты.
КТМУ делегациясынын курамында коммуникация факультетинин деканы проф., докт. Бесим Йылдырым, деканынын орун басарлары доц., докт. Эрдоган Акман, доц., докт. Гүлзада Станалиева, радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн башчысы доц., докт. Гөкче Йогуртчу, журналистика бөлүмүнүн башчысы доц., докт. Ниязи Айхан болду.
Келишимдин алкагында эки тараптын биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, окутуучулар жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруусу, биргелешкен иш-чаралар жана воркшопторду уюштуруусу, ошондой эле медиа жана тил тармактарында дисциплиналар аралык долбоорлорду ишке ашыруусу пландалууда.
Бул программа эки университеттин ортосундагы академиялык кызматташтыкты институционалдык жана туруктуу нукка салуу багытындагы маанилүү кадам катары бааланды.



