Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) коммуникация факультети менен Теология факультетинин ортосунда университеттин сапатты камсыз кылуу жана академиялык ар түрдүүлүк максаттарына ылайык кошумча адистик жана кош диплом программаларын ишке ашырууга багытталган кеңешме жыйыны өткөрүлдү.
Жолугушууда дисциплиналар аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, студенттердин академиялык даярдыгын чыңдоо жана программалардын ар түрдүүлүгүн институттук сапат стандарттарынын алкагында өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өзгөчө жогорку билим берүүдө сапатты камсыз кылуу системалары, программалардын натыйжаларынын шайкештиги, окуу жыйынтыктарын аныктоо жана бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын кеңейтүү сыяктуу темалар күн тартибинин негизги багыттарын түздү.
Жыйында коммуникация жана теология багыттарынын кесилишкен чектерине өзгөчө көңүл бурулуп, медиа этикасы, дин жана коммуникация, баалуулуктарды тарбиялоо, маданий өкүлчүлүк, диний дискурстун медиада калыптанышы жана коомдук жоопкерчилик сыяктуу темалардын алкагында биргелешкен сабактар пулун түзүү сунушталды. Бул контекстте кошумча адистик жана кош диплом программалары студенттердин көп багыттуу ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана ар кыл дисциплиналардын ортосунда аналитикалык байланыш түзө билүүсүнө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Мындан тышкары, аталган программалар университеттин стратегиялык планында каралган интернационалдашуу, программалардын ар түрдүүлүгү жана студентке багытталган билим берүү максаттары менен шайкеш экени, ошондой эле аккредитация процесстеринде маанилүү болуп саналган “дисциплиналар аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү”, “ийкемдүү окуу жолдорун сунуштоо” жана “бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын диверсификациялоо” сыяктуу көрсөткүчтөр боюнча институттук потенциалды чыңдай турганы белгиленди.