Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинде «Алмашуу программасына карай кадам» аттуу иш-чара өттү.
Иш-чарада Орхун алмашуу программасы аркылуу билим алып келген студенттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, презентацияларын сунушташты. Алар алмашуу программасына катышуу шарттары, документ тапшыруу тартиби, тандоо критерийлери, окуу процесси жана чет өлкөдөгү студенттик жашоо тууралуу айтып беришти.
Коммуникация факультетинин деканы, профессор, доктор Бесим Йылдырым чет өлкөдө билим алуу академиялык тажрыйба гана эмес, бул — студенттин өз алдынчалуулугун көрсөткөн маанилүү чечим экенин белгиледи. Анын айтымында, башка өлкөдө окуу жаңы маданиятты таанып-билүүгө, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана инсандык өсүүгө шарт түзөт. Ошондой эле мындай тажрыйба келечектеги карьерада да маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, журналистика бөлүмүнүн студенттери – Асылай Тороева Түркиянын Эге университетинде, Хафиза Сыдыкова, Акбермет Ааламбекова жана Бүбүсара Назарбекова Түкриянын Фырат университетинде, Аида Торешова болсо Казакстандын Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде, ал эми радио-телекөрсөтүү жана кино бөлүмүнүн студенттери Айзирек Каразакова менен Салтанат Төлөгөнова Түркиянын Нигде Өмер Халисдемир университетинде окуп келишкен.







