Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин студенттери маданий- көркөм иш-чаралардын алкагында 2026-жылдын 6-мартында Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында коюлган «Былтыркы кар кайда?» аттуу психологиялык драманы көрүштү.
Спектакль өз өмүрүн толугу менен театр жана кино өнөрүнө арнаган актрисанын тагдырын чагылдырат. Коомдо адамгерчиликке кайдыгер мамиле күчөгөн заманда таланттуу адамдардын бааланбай калышы жана алардын жалгыздыкка туш болушу драманын негизги өзөгүн түзөт. Чыгармачылык жолдун татаалдыгы, өнөргө берилгендик жана улуу актрисанын ички дүйнөсүндөгү кайгы-муң терең психологиялык өңүттө көрсөтүлгөн.
Драманын режиссеру – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Динара Абдыкадырова. Башкы ролду Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Көчөрбаева аткарса, Досбек жана Чач тарачтын ролдорун Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Одуракаев жараткан.
“Былтыркы кар кайда?” драмасынын автору – Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мурза Гапаров. Ал 2000-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенген.
Бул спектакль студенттер үчүн театр өнөрүнүн терең философиялык жана психологиялык маанисин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

.jpeg)