КМТУнун (Кыргыз–Түрк ‘Манас’ университети) коммуникация факультетинин студенттери үчүн “Жоогазын” фестивалынын алкагында өткөрүлүп жаткан билим берүү жана маалымдуулукту жогорулатуу программасынын негизинде «Карьералык багыт катары жашыл экономика» аттуу семинар уюштурулду.
Семинарда баяндамачылар – белгилүү ПР адиси жана медиа эксперт Нурдин Султамбаев жана Бегайым Максутова катышып, студенттерге туруктуу өнүгүүнүн маанилүү компоненттеринин бири болгон жашыл экономика түшүнүгү тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле бул тармак келечектеги журналисттер жана коомчулук менен байланыш (PR) адистери үчүн маанилүү карьералык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турганы белгиленди.
Семинардын жүрүшүндө жашыл экономиканын негизги принциптери, анын Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүндөгү ролу жана айлана-чөйрөгө байланыштуу жана социалдык-экономикалык маселелерди коомчулукка жеткирүүдөгү медианын мааниси да баса белгиленди.
Айрыкча журналисттер менен коомчулук менен байланыш адистеринин коомдо ишеним жаратууда, экологиялык аң-сезимди жогорулатууда жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган коомдук пикирди калыптандыруудагы ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

