Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультети тарабынан академиялык басылмалар жаатында маалымдуулукту жогорулатуу жана изилдөөчүлөрдүн эл аралык индекстелген журналдарда макала жарыялоо процесси боюнча билимин жана тажрыйбасын өнүктүрүү максатында “Эл аралык индекстелген журналдарда жарыялоо стратегиясы: Сапаттуу макаланы түзүү жана SSCI/Scopus логикасын түшүнүү” аттуу онлайн семинар өткөрүлдү.
Семинарда Ататүрк университетинин окутуучусу, Академиялык жазуу колдоо кеңсесинин координатору профессор доктор Өмер Алкан эл аралык академиялык басылмаларда сапаттуу илимий макала даярдоонун негизги этаптары тууралуу маалымат берди. Профессор доктор Алкан өзгөчө Web of Science (WOS) жана Scopus индекстерине кирген журналдардын жарыялоо саясаты, редакциялык баалоо критерийлери жана рецензиялоо процесстеринин иштеши жөнүндө түшүндүрмө берип, мындай журналдарда жарыяланууга ылайыктуу макаланы даярдоодо сакталууга тийиш болгон академиялык стандарттарды мисалдардын негизинде айтып берди.
Мындан тышкары семинарда изилдөө суроосун туура түзүү, күчтүү теориялык алкакты калыптандыруу, ылайыктуу методология жана маалыматтарды талдоо ыкмаларын тандоо, алынган жыйынтыктарды илимий негизде талкуулоо жана изилдөөнү эл аралык илимий адабият менен байланыштыруунун мааниси белгиленди. Ошондой эле семинарда журнал тандоо, макаланы журналдын тематикасына жана редакциялык талаптарына ылайык келтирүү, рецензенттердин баалоо процесстерине даярдык көрүү жана макаланы кайра иштеп чыгуу стратегиялары сыяктуу академиялык жарыялоо процессинин маанилүү этаптары талкууланды.
