2026-04-16

КТМУнун коммуникация факультетинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү жана интеллигенция маселеси талкууланды


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинде «Мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү жана кыргыз интеллигенциясы» аттуу семинар болуп өттү. Коммуникация факультетинин деканынын орун басары, доц., др. Гүлзада Станалиеванын модераторлугунда өткөн иш-чарада студенттер Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, тарыхчы-эксперт Аида Кубатова менен жолугушту. Семинарда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу процесси, жадидчилик кыймылы жана кыргыз интеллигенциясынын тарыхый ролу талкууланды.

Аида Кубатова: «Жадидчилик коомдук аң-сезимди күчөттү»

Орто Азиядагы модернизациялоонун жана билим берүү реформаларынын башаты катары эсептелген жадидчилик кыймылы каралган семинарда Аида Кубатова бул кыймылдын коомдук трансформация, билим берүүнү жаңылоо жана маданий өнүгүүдөгү маанисине токтолду. Кубатова жадидчилик бир гана билим берүү тармагында эмес, саясий аң-сезимдин жана коомдук түшүнүктүн калыптанышына да чоң таасир тийгизгенин баса белгиледи.

Кыргыз интеллигенциясынын мамлекеттүүлүк процессиндеги ролу

Иш-чарада XIX жана XX кылымдарда өсүп чыккан кыргыз интеллигенциясынын улуттук иденттүүлүк, билим берүү жана мамлекеттик башкаруу тармактарындагы ролуна өзгөчө басым жасалды. Өзгөчө Эшеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков жана Абдыкерим Сыдыков сыяктуу инсандардын өлкөнүн саясий жана коомдук өнүгүүсүнө кошкон салымы мисалдар менен айтылып, агартуучулардын реформатордук демилгелери заманбап кыргыз мамлекеттик түзүлүшүнүн калыптанышында маанилүү орун ээлери белгиленди.

Аида Кубатованын жадидчилик боюнча изилдөөсү тааныштырылды

Семинардын алкагында Аида Кубатованын жадидчилик кыймылынын келип чыгышы, агартуучулук ишмердүүлүгү, аймакка жайылышы жана ошол мезгилдеги басма сөз иштери камтылган «Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900–1916)» аттуу эмгеги тааныштырылды.

Семинар студенттердин тарыхый билимин тереңдетти

Көптөгөн студенттердин катышуусунда өткөн бул семинар катышуучулардын Кыргызстандын жакынкы тарыхы боюнча маалыматтык базасын чыңдап, тарыхый окуяларга кеңири масштабда баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөнү белгиленди.