Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинде кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолуна арналган «Жусуп» тарыхый драмасы көрсөтүлдү. Тасманы көргөндөн кийин студенттер фильмдин чыгармачыл тобу жана актёрлор менен жолугуп, тарыхый окуяларды кино тилине ыңгайлаштыруу, каармандарды ачып берүү жана тасма тартуудагы өзгөчөлүктөр тууралуу түздөн-түз чыгармачыл топтун өкүлдөрүнөн маалымат алышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында 28-сентябрда Артыкпай Сүйүндүков атындагы кинозалда өттү. Студенттер менен окутуучуларды бириктирген жолугушууну коммуникация факультетинин окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиев уюштуруп, алып барды.
Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу экранда
«Жусуп» тасмасынын негизги өзөгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун (1901–1938) өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердиги түзөт. Ал азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына өзгөчө салым кошкон инсандардын бири.
Абдрахманов 26 жашында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, 1927–1933-жылдары республика өкмөтүн жетектеген.
Тасманын режиссёру жана сценарийинин автору – Таалайбек Кулмендеев. Сценарийди иштеп чыгууга КТМУнун коммуникация факультетинин окутуучусу, доктор Бакыт Орунбеков да катышкан.
Кино көрсөтүү студенттерге Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун жана ошол мезгилдеги саясий-социалдык кырдаалды кино тили аркылуу кайрадан түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Студенттер тарыхый тасма тартуунун өзгөчөлүктөрүн талкуулашты
Көрсөтүүдөн кийинки талкууда студенттер тасманын авторлоруна жана актёрлорго өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти. Жолугушууда тасманын тартылуу процесси, каармандардын образын ачып берүү, тарыхый фактыларды көркөм баяндоо формасына өткөрүү жана тасманын жаралуу этаптары тууралуу сөз болду.
Эркин баарлашуу студенттерге чыгармачыл чечимдерди жана кино тартуунун өзгөчөлүктөрүн кеңири түшүнүүгө шарт түздү. Талкуунун негизги темаларынын бири тарыхый инсандын образын экранда берүү жана ошол доордун өзгөчөлүктөрүн көркөм чагылдыруу болду.
Иш-чараны журналистика бөлүмүнүн студенттеринен турган чыгармачыл топ да чагылдырды. Алар кино көрсөтүү жана чыгармачыл жолугушуу тууралуу кыска репортаж даярдашты. Мындай иш жүзүндөгү тапшырма болочок медиа адистерине университеттин өзүндө өткөн маданий иш-чараны кесиптик жактан чагылдыруу тажрыйбасын топтоого мүмкүнчүлүк берди.



