2026-11-03
19-октябрда коммуникация факультетинин Артыкпай Сүйүндүков атындагы кинозалда студенттердин экзамендерге жана дипломдук иш жазууга болгон коркунучтарын жоюуга арналган «ЖАША» аттуу пайдалуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара Долбоор иштеп чыгуу сабагынын алкагында Коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери тарабынан тапшырма катары уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө тажрыйбалуу спикерлер студенттерге кеп-кеңештерин айтып, стресс менен күрөшүүнүн эффективдүү жолдорун бөлүшүштү.
Асылай Тороева: «Бардык иштерди өз убагында аткаруу стресстин алдын алат»
Журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Асылай Тороева өз сөзүндө бардык тапшырмаларды жана жумуштарды убагында бүтүрүү, ошондой эле студенттин өз аракеттери стресстен сактаарын баса белгиледи. Ал өзгөчөибиринчи курс студенттерине кеңеш берип, академиялык жетишкендиктер кандай мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын түшүндүрдү. Асылай стресс кээде пайдалуу болорун, баары өз чен өлчөмүндө болууга тийиштигин айтып: «Стресс бизди алдыга жылдырган кыймылдаткычыбыз», — деп кошумчалады.
Төлөгөн Сабырбеков: «Ийгиликтин артында жоопкерчилик жана максатка жетүү жатат»
Түркиянын Стамбул шаарындагы университеттердин биринде магистратурада окуп жаткан жана факультетибиздин быйылкы бүтүрүүчүсү Төлөгөн Сабырбеков онлайн форматта кошулуп, өз ийгиликтеринин сырлары менен бөлүштү. Анын айтымында, ийгиликке жетүү үчүн эмнелерден баш тартуу керек, максаттарды кантип туура коюп, аларга кантип жетүү зарыл. Ошол эле учурда өзүн мактоонун жана өзүнө ишенүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Жанарбек кызы Зарина: «Дипломдук ишти сүйүү керек»
Реклама жана коом менен байланыш адистигинин бүтүрүүчүсү Зарина дипломдук ишти кантип стресссиз жазуу керектиги боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал дипломдук ишти биринчи кезекте сүйүү зарылдыгын айтты. «Бул тема менен бүтүндөй бир жыл жашайбыз, эгер ал бизге жакпаса, психологиялык жактан абдан оор болот, андыктан биринчи кезекте темасы силерге жагыш керек», — деди ал.
Психолог Якуп Акташ стресс менен күрөшүүнүн жолдорун түшүндүрдү
Иш-чарада психологиялык кеңеш берүү багытындагы адис Якуп Акташ студенттерге стресс менен натыйжалуу күрөшүү жолдорун үйрөттү. Эксперт катары стрессти кантип жеңип чыгуу керектигин айтып, организм стресс учурунда кандай сезимдерди башынан өткөрөөрүн кеңири түшүндүрүп берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө жана соңунда студенттер чогуу ыр ырдашып, алдыдагы жооптуу экзамендердин алдында маанайларын көтөрүп, эс алып, позитивдүү энергия топтоп тарашты.



