2026-04-09
Кыргыз-Түрк Манас университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин, Финансы жана кредит программасынын жана Экономика бөлүмүнүн студенттери Нагима Уланова, Азизбек Нозимжанов жана Алиназик Кабылжанова доц.м.а. PhD Дастан Асеиновдун жетекчилигинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулган ЖОЖдор арасындагы статистика боюнча республикалык олимпиадада 11 команданын арасынан 1-орунду ээледи.
Бул жогорку жетишкендик студенттердин статистика, эконометрика жана сандык анализ багыттарындагы күчтүү даярдыгын жана аналитикалык көндүмдөрүн көрсөтөт.
Бул ийгиликтин негизинде студенттер 2026-жылдын 18–22-май күндөрү Москва шаарында өтө турган IV Эл аралык студенттик статистика олимпиадасына жана фестивалына катышат. Иш-чара КМШнын Мамлекеттер аралык статистика комитети тарабынан “КМШ статистикасын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулууда.
Мындай маанилүү иш-чараларды уюштурган мекемелерге ыраазычылык билдиребиз.
Ошондой эле студенттердин аналитикалык жана эконометрикалык даярдыгына кошкон салымы үчүн Өмөр Тугсал Дорукка жана Кадырбек Султакеевге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Манас университети студенттеринин ийгилиги менен сыймыктанат жана эл аралык олимпиадада ийгилик каалайт.