2025-07-18


АӨБ делегациясы университетибизде экономикалык атаандаштык боюнча жолугушуу өткөрдү


2025-жылдын 10-июлунда Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) колдогон “Кыргыз Республикасында атаандаштыкка жөндөмдүүлүк боюнча диагностикалык изилдөөлөр, анализдер жана стратегиялык жол карталары” аттуу долбоордун алкагында Бишкекке келген АӨБ делегациясы Кыргыз-Түрк Манас университетинде маанилүү жолугушуу өткөрдү.

Делегациянын курамында Дүйнөлүк Экономикалык Изилдөөлөр Институтунун президенти жана Ханкук Чет Тилдер Университетинин ардактуу профессору Мён Хо Пак, Ханкук Чет Тилдер Университетинин профессору Ванкын Ох, жана АӨБнын улуттук консультанты Турсунaй Уcубалиева айым болду.

АӨБ командасы университетибиздин ректорунун кеңешчиси, доцент, PhD Сейил Нажимудинова жана экономика бөлүмүнүн башчысы доцент, PhD Замира Өскөнбаева менен жолугушуп, Кыргызстандын экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, өнөр жай саясаты, регионалдык өнүктүрүү стратегиялары жана диверсификацияланган өсүү темаларын талкуулашты

Жолугушуу учурунда тараптар жогорку окуу жайларынын мамлекеттик саясатты иштеп чыгуудагы ролу, квалификациялуу кадрларды даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү стратегиялык пландаштырууга интеграциялоо маселелери боюнча пикир алмашышты. Бул визит академиялык чөйрө менен кызматташууну чыңдоодо жана өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өсүүгө жетишүүсүнө көмөк көрсөтүүдө чоң мааниге ээ.